Зиядин Жамалдинов аяз атага кат жазган балдардын тилегин орундатты

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тилегин орундатты.

Жалпы 15 бала аяз атага кат жазып, ар кандай белектерди сураган. Ош облусунун башчысы менен район акимдери биргеликте алардын тилегин орундатышты. Зиядин Жамалдинов жаш жеткинчектерди жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды.

“Жаңы жыл алдында силердин калоо тилектериңердин аткарылышын каалайм. Бүгүн силер сураган белектерди алып келдик. Сиздерди өлкө башчысы, жергиликтүү бийлик ар дайым колдоого даярбыз”,-деди Жамалдинов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.