Журналист премьер- министрден эмнеге кечирим сурайт?

Журналист Элнура Алканованы премьер-министр Сапар Исаковдон кечирим сурашын өкмөттүн басма сөз кызматы талап кылып жатат. Бул тууралуу аталган мекемден билдиришти.

Маалыматта Фергана.ру веб-сайтынын басылмасы жарыялаган ”Бишкектеги “Идеал Хаус” VIP-шаарчасынын сатылышынын артында ким турат? 2-бөлүк” деген аталыштагы макалада айтылган жүйөлөр чындыкка дал келбейт. Анда аталган бүтүмго премьер- министр Сапар Исаковдун жана анын туугандарынын тиешеси бар деген маалыматтар айтылган. Ошондуктан журналист Элнура Алканова премьер-министр жана анын айланасындагылардан кечирим суроосун өкмөттүн басма сөз кызматы талап кылат,”- деп айтылат.

Кечээ, 18-декабрда Башкы прокуратура аталган журналисттик материал боюнча иликтөө жүргүзүп, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга чейин сентябрь айынын аягында “Идеал Хаус” ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылган. Баштапкы баа 240 миллион сом менен башталып, кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн. 12 гектар жерди ээлеген 48 коттедждин сатылышы боюнча өкмөттүн дарегине түрдүү сөздөр айтылып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.