Жомок жазган сүрөтчү, антрополог жана искусство таануучу

Алтын Капалова – өзгөчө инсан. Ал антрополог, сүрөтчү жана искусство таануучу. Алтын жомок да жазат. Анан да үч баланын энеси.

Алтындын чыгармаларын Кыргызстанда эле эмес, чет жактарда да окушат. Жакында эле аны Кореяга чакырып, “Сулуусу” деген жомогун корей тилинде басып чыгарышты.

Алтын  чыгармачылыгы, эми жаралчу жомоктордо кандай темаларды көтөрөрү тууралуу “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” басылмасына айтып берди.

– Сиз антрополог, жазуучу, сүрөтчү… экенсиз. Кесиптердин мындай айкалышы күтүүсүз. Бир тармактын кызыкчылыгы экинчисине жардам береби?

– Бир ишмердүүлүк экинчисине өтүп кетет. Эгер гидролог, сүрөтчү, математик деген кесиптер айкалышса, бул таң калаарлык болмок, а менин тармактарым бири-бирине жакын.

Айылдардагы изилдөө ишмердүүлүгүм – өткөн кылымдагы сүрөтчү, жазуучулардыкындай эле аягы жок сапарлар. Билесизби, бул үчүн мамлекет же меценаттар стипендия беришер эле.

Аймактарга чыгуу чыныгы, “иргелбеген” жашоодон көкүрөк толтура дем алууга мүмкүндүк берет. Эл аралык академиялык же көркөм иш чараларга катышуу эң акыркы тенденциялардан артта калбоого жардамдашат.

– Антропология сизге кантип жардам берет?

 

– Антропология мага абдан көп нерсени: билим, акча, саякат, жолугушуулар, таасирлерди берип  келген жана берип жатат.


Антропология ( грекчеден antropos – адам жана logos – сөз, окуу) – адамдын жаралышы жана эволюциясы, расалардын түзүлүшү жөнүндөгү илим. Өз алдынча илим катары ал  XIX  кылымдын ортосунда калыптанды.



 – А сүрөт тартуу шыгычы?

 

– Бул көргөзмөлөрдүн экспозициясын жаратууда, менин жомокторумду иллюстрациялоого жардам берет. Университетте сүрөт жана живопись боюнча сабак алып, шыгымды студенттик кезде өз алдымча өнүктүргөм. Тилекке каршы, өзүм каалагандай мыкты тарта албайм. Бирок жакшыраак тарткым келет. Буллменен пландарымда бар.

 

Жакында эле бир жомогума сүрөт тарттым. Жаман болбоду. Бирок татаалыраак сюжеттерди ишке ашырууга техникалык шыгым жетпейт.

 

– Сиздин бүт талантыңызды бириктирген долбоор жараткыңыз келеби?

 

– Жакында “Чарчы эмес өлкө” деген театралдык чыгарманы койдук. Бирок бул жомокту өзүм койдум дегенди түшүндүрбөйт.

Мен өз ишинин мыктыларын чакырдым. Мисалы, ишин менден жүз эсе жакшы жасаган кесипкөйлөр турганда өз жомогума режиссерлук кылып же иллюстрациясын жасап отурбайм.

 

Кийинки жылы балдар үчүн жомоктордун чоң көргөзмөсүн өткөрүүнү көздөп жатам, анда жомок, визуалдык искусство, балдар үчүн сабактар, медиа жана театр айкалышат.

– Жомок жазуу идеясы кантип пайда болду?

– Өзүм бала кезде эле жомок токучумун. Чоңоюп калганда жээндериме, анан тун уулума айтып берип жүрдүм. Экинчи уулум төрөлгөндө жомокторду кагазга түшүрө баштадым. А кызым жарык дүйнөгө келгенден кийин айрымдарын басмага бердим.

– Жомок жазам деген адам үчүн баарынан эмне маанилүү?

– Билбейм. Жеке мен үчүн насаат айтуудан качып, дүйнөнүн ар түрдүүлүгү, адам укуктары жөнүндө айтып берүү маанилүү. Бала өзүн кандай сезсе, ошол бойдон калышы канчалык маанилүү экенин айткым келет. Техникалык жагына келсек, жөнөкөй тилде жазуу керек

– Китепке идеяларды кайдан табасыз?

– Бардык жактан. Чарчаткан сапарлардан же кимдир бирөө менен жолугушуудан кийин, болбосо кино көргөндөн кийин же бирөөнүн сөзүнөн улам, изилдөөлөрдөн соң же буюртма кабыл алгандан кийин идея жаралышы мүмкүн.

– Жакында Кореяда болуп, жомогуңузду  тааныштырдыңыз. Ал жакта окурмандар биздикинен айырмаланабы? Кореядагы балдар эмнени окушат?

 

– Кореяда бир сутка эле болдум. Андыктан Кореяда балдар эмне окуйт экенин түшүнө албадым. Бирок ал жакта көргөнүмдүн баары жакты. Өлкөдө балдарды креативдүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик чоң-чоң программалар бар.

– Бул өлкө тууралуу таасирлериңиз менен бөлүшө кетиңизчи?

– Азырга чейин көргөнүмдүн таасиринен чыга элекмин. Мен Азия маданиятынын борборунда болдум. Укмуштуудай жай экен. Биринчиден, аябай чоң, көп адамга ылайыкташкан ондогон чоң залдар, жүздөгөн чыгармачылык аянтчалары орун алган.  Контент да сонун таасир калтырат – ал аябай көп түрдүү: изилдөө борборлорунан тарта балдар үчүн китеп окуу борборлоруна жана балдар театрларына чейин.

– Кореялыктар сиздин чыгармачылыгыңызга кантип кызыгып калышты?

– Алардын искусство жана маданият жаатында мамлекеттик программасы бар, биздин Маданият жана туризм министрлиги аркылуу кызматташышат экен.

 

Жайында талаа изилдөө иштери менен жүрсөм, Маданият  жана туризм министрлигинин кызматкери чалып, жомокторду жөнөтүүнү суранды. Компьютерим, интернет жок эле, байланыш начар. Тоого чыгып, мобилдик интернет аркылуу почтамдан тапканымды жибердим. Кийин күзүндө Суку Хан деген сүрөтчү келип, Сулуусу (Алтын Капалованын жомогундагы каарман) кайда жашай турганын көрүү үчүн Ысык-Көлгө бет алды. Ошентип, өткөн аптада мен  китептин алгачкы даяр үлгүсүн көрдүм.

Кореялык кесиптештеримдин айтымында, алар сынак жарыялап, 50 табыштама кабыл алышкан. Алардын ичинен тандалып алынган 5 сүрөтчү Борбор Азиядан чыккан беш балдар жазуучусунун жомокторун илююстрациялашты.

 

– Жаңы жыл жөнүндө эң жакшы көргөн жомогуңуз барбы?

-Жок. Менде андай жомок жок.

 

– Балдар үчун жаңы жылга байланыштуу окуяларды жазуу жөнүндө ойлондуңуз беле? Бизде Кыргызстанда жаңы жылдык жомоктор дээрлик жок.

 

– Мен үчүн ар бир жомок – жаңы жылдык. Балдар үчүн календарь боюнча гана майрам кылбай, ар бир мүмкүнчүлүктү майрамга айландыруу керек деп эсептейм. Биздин өлкөдө балдарды 1-июнда жана Жаңы жылда эле эстешкени такыр жакпайт.

 

 -Балдарыңыз сиздин чыгармаларды кандай кабыл алат?

– Алар аябай жакшы көрөт. Алар менин алгачкы “сынамак коендорум”. Балдарым аркылуу идеяларымды, тексттердин татаалдыгын текшерем. Кээде алар сюжетти өнүктүрүүгө жардам беришет. Алар ар бир жаңы китебиме кубанат, чоңу ырахаттануу менен окуйт.

 

-Өз китептериңизден эмнени күтөсүз? Алар окурмандарыңызга эмне бериши керек?

 

-Алар балдарга дүйнөнүн ар түрдүүлүгүн көрсөтүп, укуктары тууралуу айтып бериши керек, балдарды табиятка аяр мамиле жасоого үйрөтүшү зарыл. Чындап келсе баары өтө жөнөкөй.

 

– Кыргызстанда балдар адабиятында кандайдыр бир тренддер барбы? Мисалы, «бүгүн башка планетанын жашоочулары популярдуубу»?

 

– Бул тууралуу билбейт экем, кечиресиз. Азыр баары «массалык кыйратуу продукталарынын» таасиринде жүрөт деп ойлойм. Бул өзгөчө мааниси же чакырыгы жок эле жеңил чыгармалар.

 

– Сиздин пикириңизде Кыргызстанда балдар адабиятынын башкы көйгөйү эмнеде?

 

-Көйгөйлөр толтура. Айрымдарына токтолойун.

 

Кыргыз жазуучулары үчүн сатык текчелериндеги аябай сапаттуу басылган батыштын, Орусиянын китептери менен атаандашуу кыйын. Бизде басма маданияты жок,  ар бир типография өзүн басма деп атай берет. Басма катары тигил же бул деңгээлде өкмөттүк эмес уюмдар иштеп жатышат.

 

Дүйнөдө көп өзгөрүүлөр болуп жаткан менен бизде советтик адаттар күч. Окуу презентациясынын жаңы формалары керек. Заманбап балдарга кызыктуу болуш үчүн биз өз терибизден чыгышыбыз абзел.

– Жомоктордо дагы кандай темаларды көтөргүңүз келет?

 

– Азыр мен жомоктордо сезимтал темалар, мисалы, жакын кишиңдин өлүмү, ата-эненин ажырашуусу, үй-бүлөдөгү зомбулук сыяктуу жагдайлар тууралуу кантип айтса болот деп ойлонуп жүрөм.

 

-Сиз керемет күчкө ишенесизби?

– Кереметтин баарын адамдар жаратарына ишенем.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.