Жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, экөө жараат алды

13-апрелде, Бишкек-Нарын-Торугарт каттамында жол кырсыгы катталып, 6 адам каза болду. Дагы экөө жараат алып, ооруканага жеткирилди.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык каттамдын 97-чакырымында болду. Үч унаа кагылышып, жараат алгандарды Кемин райондук ооруканасына алып барышты.

ИИМдин маалыматына таянсак, жылына өлкөдө жол кырсыгынан миңдей жаран каза табат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.