
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Бакирова Нургүл Жакыповна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду”, – деп жазылган маалыматта..
- 02.02.2022