Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин Аида Касымалиева аткарат

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 28-ноябрга чейин ЖК төрагасынын милдетин аткарат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

“Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна байланыштуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткарат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бүгүн, 29-октябрдан тарта үгүт кампаниясы башталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.