
Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Канатбек Ахмедов ант берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Канатбек Ахмедов, «Кыргызстан» саясий партиясынан Урмат Самааевдин ордуна келди.
Ал, 26-августта Токмок шаарына мэр болуп шайланган.
Борбордук шайлоо комиссиясы 1-сентябрда бошогон депутаттык орунга Канатбек Ахмедовду дайындоо жөнүндө токтом кабыл алып, мандаттык күбөлүк жана төш белги тапшырган.
- 08.09.2021