ЖК: Исфана шаарын Раззаков кылып өзгөртүү мыйзамы колдоо тапты

Жогорку Кеңештин комитетинде Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо боюнча мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин директору Элчибек Жантаев мыйзам долбоору көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун элесин түбөлүккө калтырууга багытталганын кошумчалады. Муну менен катар Элчибек Джантаев бул мыйзам долбоорун үч окууда карап берүүнү өтүндү.

Комитет мыйзам долбоорун үч окууда талкууга алып, жыйынтыгында колдоого алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.