Жогорку Кеңеш Исмаилова менен Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр кызматына Аида Исмаилованы, ал эми саламаттыкты сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырды.

Аларды Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Аида Исмаилова – Жогорку Кеңештеги  “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты.

Ал эми Сабиржан Абдикаримов 2010-жылы Саламаттык сактоо министри болуп иштеп кеткен.

Буга чейин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети аталган талапкерлерди колдогон.

Бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр кызматынан Алтынай Өмүрбекованы, саламаттык сактоо министри кызматынан Космосбек Чолпонбаевди бошоткон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.