УКМК эки мамлекеттик кызматкердин жасалма дипломдорун аныктады

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун жана Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири Зарылбек Сатаевдин жогорку окуу жайды бүткөндүгү жөнүндө диплому жасалма экендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилигинин, милициянын полковниги “С.Ы.К.” жана Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири “С.З.А.” жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча УКМК тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.

Маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.