Жетимишке таяп калган аксакал он жылдан бери спорттук мелдештерди өткөрөт

Нышан Абдыразаков 8 жашынан бери спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгат. Жетимишке таяп калса да, дене тарбияны таштаган жок. Ар бир таңы тоого чуркап түшүп-чыгуудан башталат. Ал 40 жыл бою Алайдын Гүлчө айылындагы М.Адышев мектебинде мугалим болуп иштеди.

Нышай агайдын окуучулары облустук, республикалык мелдештерде байгелүү орундары багындырган. Өзү да 40 жашка чейинкилер арасында чуркоо боюнча чемпион болгон. Он жылдан бери райондо жеңил атлетика боюнча мелдешти өз демилгеси жана демөөрчүлүгү менен өткөрүп келе берет.

Спортчунун дагы бир өнөнү бар – ал жыгачка жан киргизген уста. Суу менен агып келген дарак кесиндилеринен ал ар кандай сөлөкөттөрдү жасайт. Топтомун Нышан агай “Агындылар” деп атаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.