
Ушул жылдын жети айында чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттары Кыргызстанга бир миллиард 100 миллион долларга жакын акча которушкан. Мындай маалыматтар өлкөнүн улуттук банкы тарабынан берилди.
Белгилей кетсек, бул сумманын дээрлик 98 пайызы Орусияда иштеген мигранттардан келген.
Мында республикага акча которуулардын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31 пайыздан ашык, же дээрлик 261 миллион долларга көбөйгөн.
- 03.09.2021