
Жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
“Бул каражаттар бюджеттик мекемелерди электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана электр бөлүштүрүүчү компанияларынын алдында жергиликтүү бюджеттердин түзүлгөн карыздарын жоюу үчүн берилет”, – деп айтылат маалыматта.
Финансы министрлигине үстүбүздөгү жылдан тартып жыл сайын жергиликтүү бюджеттерде каржылоодо турган мекемелердин керектөөчү электр энергиясы үчүн чыгымдарын жабууга зарыл болгон финансы каражаттарын кароосу тапшырылды.
- 16.03.2022