Жер титирөөдөн сарайдын дубалы кулап, бир адамды басып калды

Бүгүн, 3-майда болгон жер титирөөдөн Чоң-Алайда сарайдын дубалы кулап, бир адамды басып калды. Аны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Үйдө жалгыз калып, чочуп калган эки кызга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Жер титирөөдөн жалпы райондо 10 турак-жайдын дубалдарынан жаракка кетти. Ал үйлөрдө мындан ары жашоого кооптуу экенин аныкташты. Ошондой эле бир оорукана менен эки билим берүү мекемесинин имараттарынан да жаракка кетти. Оорукананы да адистер пайдаланууга жараксыз деп табышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, изилдөө иштери улантылууда. Аймакта комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.