Жер титирөөдөн жабыркаган Чоң- Алайлыктарга жардам көрсөтүлдү

2017-жылдын май айындагы жер титирөөдөн райондо 1022 үй жабыркаган болсо, алардын жарымына ACTED уюму тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Бул тууралуу “Ынтымакка”  “ACTED”  уюму билдирди.

“Анда 82 кожолук үйлөрүн калыбына келтирүүдө, кырсыкка туруштук берүүчү үйлөрдү курууга жардам алышты. 240 адам турак-жайды камсыздандыруу жана мүлккө болгон укуктар тууралуу юридикалык жардам алды. Ал эми 100 кожолуктун курулуш материалдары камсыздандырылды”- деп билдирилет “ACTED” уюмунун маалыматында

2017-жылдын май айындагы жер титирөөнүн очогу Тажикстанжын түндүк жагында 5.9 жана 5.8 баллга жетип, жер силкинүүлөр Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Чулук айылдарындагы жалпы 1022 үй-бүлө ар кандай деңгээлде жабыркаган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.