
Бүгүн, 3-майдагы катталган жер титирөөдөн Чоң-Алайдын Жекенди айылындагы үйлөрдө жаракалар пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
“Жекенди айылындагы кээ бир турак жайлар менен короо сарайлардын дубалдарында жаракалар пайда болду. Аймакта адистер тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Канча турак жайда жарака пайда болгонун комиссия тактоодо ”,-деп белгилешти министрликтин маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 3-майда саат 10:47де Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында жер силкинди. Жер титирөөнүн күчү очогунда коңшу өлкөдө 7 баллга, Кыргызстанда 5 баллга жетти. Жер силкинүү өлкөнүн Шибээ, Карамык айылдарында 5 балл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айылдарында 4 баллга жетти.
- 03.05.2017