
Жолду жер көчкүдөн ачуу үчүн атайын техникалар тартылган. Адистер тазалоо жумуштарын аткарып жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
9-апрелде, Исфана-Сүлүктү унаа жолун жер көчкү түшүп, тосуп калган. Каттам №13 Жол-транспортттук ишканасынын балансында турат. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Адистер акыркы учурларда жер көчкү түшүүчү аймактар көп экенин белгилеп, түшүндүрүү иштерин алып барышууда. 7-апрелде Өзгөндө жер көчкү түшүп, эки турак жайды басып калган.
- 10.04.2017