Жээнбеков: Түркия Кыргызстанга 600 млн. доллар инвестиция салды

Түркия Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери 600 млн. доллардан ашык инвестиция салды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда билдирди.

Өлкө башчынын айтымына караганда, 2018-жылы Түркиядан 93 млн. доллар инвестиция келген. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар алмашуу 400 млн. долларды түзөт.

Президент  Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарттар каралып, бир топ жеңилдиктер берилгенин айтты. Ошондой эле ал  түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырып,  өлкөдө инвесторлордун укуктары толук корголгонун, алардын мүлкү кол тийгис экендигин белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.