Жээнбеков Сирияга тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү боюнча пикирин билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Известия» басылмасына берген маегинде Кыргызстандын тынчтык орнотуучуларынын Сириядагы согуштан кийинки абалды жөнгө салуу иштерине ыктымал катышуусу боюнча пикирин билдирди.

Мамлекет башчы “тынчтык орнотуучу күчтөрдү Сирияга жөнөтүү ыктымалдыгы ЖККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында каралганын, бирок андан ары талкууланбаганын” айтты.

“Кыргызстан эч кимден эч кандай чакыруу алган жок жана биздин аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жокпуз. Бул маселени ишке ашыруу үчүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бирдиктүү чечими, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жактырган резолюциясы жана эң башкысы Кыргызстан парламентинин макулдугу талап кылынат”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Быйыл октябрдын башында өкмөт башчы Сапар Исаков дагы РИА «Новости» агенттигине берген маегинде Кыргызстан Сириядагы деэскалация зоналарына аскерлерди жөнөтүү боюнча расмий сунуш албаганын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.