Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта, Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын Президентинин кызматына киришкени менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалайм”, – деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосунда.

Белгилүү болгондой, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетээрин билдиргенден кийин, өлкө башчылык кызматты утурумдук аткарып турууга мыйзам боюнча Сенаттын төрагасына жүктөлмөк. Анын төрагасы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Президент катары бүгүн, 20-мартта, парламентте ант берген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.