Жээнбеков: кайсы аймакта чиновниктер көп болсо, ошол аймак өнүгүп, калгандары каралбай жатат

«Региондорду өз ара салыштыра келгенде айырмачылык чоӊ. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, кредиттик да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондо чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат.» Мындай сөздү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктын алкагында түзүлгөн отурумда сүйлөдү.

Отурумга мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ катышты. Анда президент өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бир-эки гана аймакка көз каранды болуп калгандыгын, өлкөнү өнүктүрүү үчүн, биринчи кезекте, региондорду бирдей өнүктүрүү керек экендигин айтты.

“ -Бюджеттик жана гранттык жардамдарды бөлүштүрүүдө, салык топтоодо региондук дисбалансты жараткан субъективдүү мамилени жоюу керек. Экинчиден, кредит саясатын аймактардын муктаждыгын эске алуу менен, туура жүргүзүү керек. Бүгүнкү күндө жеңилдетилген пайыз менен берилүүчү насыялар, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары плансыз, системасы жок эле бөлүштүрүлүп жатат. Ошондуктан инвестициялык каражаттардын ар бир аймактын кызыкчылыгына жана өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүшү зарыл. Айылбанк, Гарантиялык фонд, РСК банк муну эске алышы зарыл.

-Ошондой эле аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды жандандыруу зарыл. Мен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусуна, Кепилдик фондусуна, Айыл банкына тапшырма бердим. Элет жеринде өндүрүш ачууга багытталган долбоорлорго артыкчылык берилиши керек.  Мына, биз ЕврАзЭСке кирдик, Өзбекстан менен чек ара ачылды. Демек конкуренция да күчөйт. Конкуренцияга туруштук бериш үчүн биз айыл чарбага, кайра иштетүүгө, дыйканчылыкка катуу колдоо көрсөтүшүбүз зарыл.

-Аймактардын негизги маселеси-  таза суунун жетишсиздиги, мектептердин, ооруканалардын, бала бакчалардын жетишсиздиги, начар жолдор, сапатсыз тейлөө жана башкалар. Азыр айылда суу жок болсо да, свет өчсө да, жол бузулса да эл  Президентке кайрылат. Бул сыяктуу локалдуу маселенин баарын жеригиликтүү бийлик – аким, айыл өкмөт өздөрү чечиш керек. Жергиликтүү бийликтин ошол маселени чече турган каржылык, материалдык-техникалык  дарамети болушу зарыл.

-Андан тышкары, жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоо оюнга айланып жатат. Бул оюндардан улам мамлекет зыянга учурап калууда. Эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары  маселелерди чече албаса,  анда мамлекеттик түз башкарууну киргизип, жергиликтүү кырдаалды башкаруу  керек болот,”- деди президент.

Жогоруда белгиленген максаттарды ишке ашыруу менен, айыл жергесинде жашоону жакшыртып, жумуш орундарын түзүп, миграцияны азайтканга болрорун Сооронбай Жээнбеков кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.