Банктын жетекчиси коронавирус дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жатканын баса белгилеп, Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.
Буга чейин президент Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Дүйнөлүк банктан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан, Эл аралык Валюта Фондунан да жардам сураган.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар.
18-марттан 8-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу 270 адамга жукту, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты.