Жээнбеков: ипотекалык насыянын пайыздык чени 6 пайызга чейин төмөндөйт

Быйылдан тарта ипотекалык насыя бардык жарандарга 8% менен берилет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Мамлекет башчысы 2018-жылдан тартып, мамлекеттик ипотекалык компания турак-жайларды сатып алууга насыяларды мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу кыргызстандыктарга жылдык 8 пайыз менен бере баштаарын жана келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери жылдык 6 пайызга чейин төмөндөй турганын эскертти”, – деп кабарлады президенттин маалымат кызматынан.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып Сооронбай Жээнбеков бардык маселелер чечиле турганын, башкысы өлкөдө туруктуулук, ынтымак, талыкпаган эмгек болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы дагы бир жолу “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгы бийликтин бардык бутактарын жана жарандык секторду өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүү үчүн бириктире турганын белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.