
2016-2017-жылдын жылытуу сезонунда энергетикалык система туруктуу иштеп турду. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 17-апрелде Жогорку Кеңештин парламенттик фракциясынын көпчүлүк коалициясында Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетун кароо учурунда билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, энергетика тармагында 13,04 млрд. кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн. кВт саатка көп.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков электр энергиясындагы жоготуулар 15%дан 13,9%га чейин кыскардыгына көңүл бурду.
- 18.04.2017