Жеңиш күнүн утурлай: Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевге арналган парк ачылып, баатырдын эстелиги коюлду

Жеңиш күнүнө карата Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ачылды.

Эстелик Бишкек шаарындагы баатырдын аты берилген паркка коюлуп, ага өлкө башчысы катышты.

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны өсүп келе жаткан муунга жеткирүү биздин ыйык милдетибиз. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз”,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгилеп, бүтүндөй Советтер Союзунан Согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгондугун айтты.

Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кетип, үчтөн бири кайтпай калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Чолпонбай Тулөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.

Баатырдын эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлгөн.

Буга чейин аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө демилгени Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков паркты көрүп чыкты, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Мамлекет башчысына жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштери жөнүндө айтып берди.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына Бишкек мэри Азиз Суракматов жана Орусиянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.