Жашы жете элек балдардын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү узартылат

Кечээ, 12-майдагы ЖКнын кезектеги отурумунда “Тышкы миграция тууралуу” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланып, депутаттар тарабынан колдоого алынды.

Анда мыйзам долбоору тууралуу юстиция министри Марат Жаманкулов баяндап, мыйзамды иштеп чыгуу демилгеси Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагыгы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда бекитилген иш-чаралар планынын негизинде кабыл алынганын маалымдады.

“Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын жалпы жарандык паспортунун иштөө мөөнөтүн узартуу сунушталууда. Алсак, бир жашка чейинки балдардыкын 2 жылга, 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүкүн 5 жылга узартуу каралат”, – деди министр.

2019-жылдын 1-декабрынан тарта 6 үй-бүлөдөгү ар бир балага 50 миң сомдон «сүйүнчү пул» берилди

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.