Жаштар коомго кайдыгер эмес!

Ош облусунун жаштары достукту, ынтымакты бекемдеп жана жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн өз аймактарында иш жүргүзүп жатышат. Алар экологияга кам көрүү, тазалыкты сактоо, мектептердеги билим деңгээлди жакшыртуу жана спортко кызыктыруу өңдүү иш аракеттер.

Буга ылайык, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы Юрий Алексеевич Гагарин атындагы мектепке атайын таштанды салуучу урналар коюлду. Эми окуучулар таштандыларды туш келди жерлерге эмес, үкөктөргө салышат. Бул менен мектептеги тазалыкты сактап, ал эми чогулган таштандыларды кайра иштетүү үчүн тапшырышаарын максат кылып жатышат.

Аталган мектептин мугалими Гүлзаада Юлдашеванын айтымында, таштандылар үчүн урна  коюуну окуучулар демилгелеп чыгышкан. Мындан улам долбоор жазылып, “Жашстан”долбоору, жергиликтүү бийлик жана мектеп жамааты көмөк көрсөткөн.

“Жашстан” долбоорунун Ош облусундагы координатору Нуржамал Куттубаева:”Мектептен таштанды көп чыккандыктан, кээде улуттар аралык келишпестик, чыр-чатактар болуп келген. Ушул маселени чечүү үчүн жазылган долбоор колдоо таап, эми ишке ашып жатат,”-дейт.

Ошол эле районго караган Кызыл-Кыштак айылынын жаштары дагы долбоор жазып, мектептеги билимди жогорулатуу максатында мугалимдерди окутууну чечишкен. Натыйжада, аталган айылдык мектептин мугалимдери Жогорку окуу жайларынан келген окутуучулар тарабынан билим алып жатышат.

Айыл өкмөттүн деңгээлиндеги түрдүү социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жана жаштарды тынчтыкка үндөгөн иш-аракеттер  Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жана Жалал-Абад облусунда жүрүп жатат.

Жаштардын демилегелерин колдоп ишке ашырып жаткан, “Жашстан” долбоору «Жаш-Ниет Ноокат жаштар борбору» коомдук уюму тарабынан көмөк көрсөтүлүп, «Search for Common Ground» эл аралык корпорациясынын колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты Куруу фондунун каржылоосунда өтүп  жатат.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Айдай Беделбекова

Оператор-монтажёр: Аззам Бузриков

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.