Жаштар четте карап турбайт. Оштун жаштары муктаждарга азык-түлүк таратууда

Ош шаарындагы жаштар шаардын муктаж болгон жарандарына азык-түлүк менен көмөк көрсөтүп жатат. Бул тууралуу жаштардан түзүлгөн уюмдардын биринин жетекчиси Амантур Мирзалиев маалымдап, бул сыяктуу жардамдар дагы улантылаарын билдирди.

Учурдагы өзгөчө кырдаалдан улам калк арасында тамак-ашка муктаж болгондордун саны арбыды. Ош шаарындагы муктаждарга жардам берген шаар мэриясы, мамлекеттик материалдык резерв, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жеке тараптарга жаштар уюму да кошулду.

Жаштардан түзүлгөн уюмдардын бири “Жаш муун” Ош шаарындагы жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 386 даана баштык азык-түлүк, 220 кг эт жана медициналык бет каптарды таратты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.