Жаш өспүрүмдөрдү азгырган баңгилик

Кыргызстанда өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди, тамеки жана башка ушул сыяктуу уулуу заттарды колдонууга жана сатууга тыюу салынган. Бирок, мыйзам кабыл алынганына карабастан, тилекке каршы баңгиликке аралашкан балдар бар.

Жаш өспүрүмдөрдүн зыяндуу заттарды чегип, спирт ичимдиктерин ичип кетүүсүнө эмне түрткү берет жана кырдаалдан кантип чыгууга болот? Төмөндөгү макалада тизмектедик.

Коомчулукка аты-жөнүн ачыктоону каалабаган каарманыбыздын улуу баласы 9-класста билим алат. Айтымында уулу мал сарай тарапка бат-баттан барып жүргөнүнө маани деле берчү эмес. Бирок, акыркы жолу үйүндөгүлөрдөн жашынып, малкана тарапта тамеки чегип жүргөнүн көргөн.

“Көрсө бизден жашынып тамеки чегип жүрүптүр. Балама “тамеки ден соолукка зыян, ошондуктан атаң дагы чекпейт” деп түшүндүргөнгө аракет кылдым. Азыр дагы үйдө көзөмөлдөп жатам. Деген менен тамеки тартууну кайдан үйрөндү, көчөдө жүргөндө колдонуп жатабы мен үчүн ошол табышмак”, – деди каарманыбыз.

Мыйзам боюнча жашы 18ге жете элек балдарга тамеки каражаттарын, алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынат. Эгерде соодагерлер кардардын жаш өспүрүм экендигин байкаса, сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктоочу документтерин сурашы керек.

Мыйзамга баш ийбеген соодагерлерге укук бузуу кодексинин 85-беренесине ылайык, айып пул салынат. Бирок, мындай чектөөгө карабастан 18ге толо элек балдарга тыюу салынган каражаттар сатылып жаткандыгы, эл арасында айтылып келет. Бул нерсени билүү максатында биз элден сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова мындай учурлар кездешип жаткандыгын четке каккан жок. Анын айтымында, соодагерлер менен ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен, жыйынтык жакшы эмес.

Өлкө боюнча алкоголдук ичимдик ичип, тамеки чеккен 1500 жаш өспүрүм экспертизанын жыйынтыгы менен профилактикалык каттоодо турат. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы учурда алардын жашоосун жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Тагыраагы, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт жана алар балдарынын сыра ичип, тамеки чекпөөсүн көзөмөлдөйт.

“Балдардын баңгилиги боюнча ата-энелерге да жоопкерчилик каралган. Жаңы укук бузуу жөнүндөгү кодекстин 102-беренесине ылайык, эгерде бала 16 жашка чейинки куракта чегип же ичип кете тургандыгы аныкталса, ата-энеси жазага тартылат. Башкача айтканда, коммиссиянын чечими менен акчалай айып салынат. Биз жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөрдүн баңгиликке аралашуусу ата-энелердин кайдыгерлигинен улам келип чыгууда. Себеби, көпчүлүгү балага көңүл бурбайт жана өзгөрүүлөрдөн кабарсыз калат”, – деди Нуржан Адылова.

Чегип, ичүү эмне үчүн зыян?

Ош облустук психиатрия жана наркология борборунда баңгилик боюнча каттоодо турган балдардын басымдуусу “клей” жыттап жүргөндөр. Ошондой эле насвай, тамеки чеккендер дагы басымдуулук кылат. Бирок, алардын аты-жөнү, саны ачыкталбайт.

Психиатр-нарколог Бакыт Атабаев өспүрүмдөрдө химикалык баңгизаттарды эмнеден жасалган, кандай зыяны бар экендиги тууралуу маалымат жок экендигин айтты. Ошондуктан бири жасаганды экинчиси жасап көрүүгө азгырылат. Мисалы, бала “клей” жыттаганда виртуалдуу дүйнөгө түшүп, реалдуу жашоодон убактылуу алыстайт. Жыргал жашоону таап алгандай сезип, кайра ошол нерсеге барат жана бул адатка айланып калат.

“Баңгилик балдар үчүн өтө кооптуу. Маселен, тамеки менен насвайдын курамында никотин бар. Ал өспүрүмдөрдүн өпкө, боор жана башка органдарына зыянын тийгизет. Ал эми клейдин курамында “ацитон” деген уулуу зат бар. Аны колдонуунун кесепети боор, жүрөк, нерв клеткаларын өлтүрүп, психикалык ооруларга алып келет. Жалпысынан бул зыяндуу нерселерди колдонуу баланы өзү теңдүүлөрдөн физикалык жана психикалык жактан артта калуусун шарттайт”,-деди Атабаев.

Психолог Акчач Жолдошеванын айтымында, өспүрүм курактагы балдар өзгөрүү, өсүүнүн башаты болуп эсептелет. Ошондуктан балада татып, чегип көрөйүн деген кызыгуулар пайда болот. Мындан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн баңгиликке аралашуусуна өзү теңдүү балдардын таасири тиет. Себеби, психологияда чөйрө негизги социалдык фактор катары эсептелет. Демек, ошол учурда бала ата-энесинин камкордугу жок же көзөмөлсүз калса, терс көрүнүштөргө оңой аралашат.

“Мектепте, үйдө балдарга психикалык активдүү заттарды колдонуунун кесепети, акыр аягы эмне менен бүтүшүн түшүндүрүү зарыл. Мисалы, балада клей, насвай тууралуу маалымат болсо, ал ошол нерсени колдонуп көрбөйт. Антпесе бала баңгиликке кирип кетет. Себеби психика жабыркагандан соң тамеки чекпесе же клей жыттабаса жүрө албай калышы ыктымал. Бул болсо балдардын билим алып, туура жолдо жүрүүсүнөн алыстатат, келечегине сокку урат. Ошондуктан бош убакытты пайдалуу өткөрүп, баланын жөндөмүн, кызыгуусун эске алуу менен кошумча ийримдерге берсе болот же ата-эне өзү үлгү болушу керек”,-деди Жолдошева.

Терс көрүнүштөрдөн оолак кылуунун чаралары

Ал эми мектептерде баланын жүрүм-туруму боюнча соцпедагогдор иш алып барып жатат. Ошондой эле, билим берүү министрлиги жаш өспүрүмдөрдү терс көрүнүштөрдөн оолак кылуу үчүн “чылымсыз мектеп” аталышындагы  бир айлык иш-чара өткөрдү. Анын алкагында тамекинин зыяндуулугу, колдонбоого чакырык таштаган дил баян жазуу, дубал гезит чыгаруу сынактар уюштурулду. 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыкалык Акжоловдун билдиришинче, окуучулардын убактысын пайдалуу өткөрүү, кылмыш, зомбулуктун алдын алуу үчүн мектептерде акылуу жана акысыз ийримдер иштейт. Ош шаарында окуудан сырткары кошумча билим алып, өнөр үйрөнүп жаткан балдардын саны 42 миңден ашты.

“Эгерде ата-эне баласын кайсыл бир предметтер боюнча тереңдетилген билим алуусун кааласа, мугалим менен келишим түзүп, негизги окуу графигинен сырткары кошумча билим берилет. Ошондой эле, биздин эки борбордо акысыз ийримдер бар. Балдар спорт, бий, ыр сыяктуу пайдалуу өнөр үйрөнүп жатышат”,-деди Акжолов.

Ыктыярчылык аркылуу жаштарды өнүктүрүүгө багытталган программа

ЮНИСЕФ жаштардын жашоо турмушун өнүктүрүү жаатында 2018-жылдан бери ыктыярчылар программасын ишке ашырып келүүдө. Программанын тартиби боюнча өзүн өстүрүү, билимин тереңдетүүгө кызыктар жаштар ачык сынактын негизинде ыктыярчылыкка кабыл алынат.

Анын негизинде убакытты туура колдонуу, өзүндөгү сапаттарды өнүктүрүү боюнча ЮНИСЕФтин акысыз ийримдерине катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Маселен, азыр ыктыярчылар “коопсуз мектеп” программасынын алкагында өздөрүн өнүктүрүшүүдө. Бул жерде алар адистерден жер титирөө, тилсиз жоо сыяктуу кырсыктарда биринчи жардамды көрсөтүү, кырсыктан сактануу жол-жоболору тууралуу сабак алышат. Өздөштүргөн нерселерин андан ары мектептерге жайылтып жатышат.

“Биз ыктыярчыларга “окугула, пайдалуу иш менен алек болгула” деп айтабыз. Программанын башкы максаты дагы ушул. Баңгизатын колдонуп же терс көрүнүштөргө аралашкандардын басымдуусунун алдыга койгон максаты же алек боло турган пайдалуу жумушу жок болот. Ал эми ыктыярчылар кабыл алынгандан баштап негизги билим менен кошо өнөр үйрөнүп жатышат. Башкача айтканда, бири-бирин көрүп, алдыга жылуу болот. Февраль айынын экинчи жарымынан тарта дагы өлкө боюнча ыктыярчыларды ачык сынактын негизинде кабыл алабыз”.

Улан Сатыбалдыев Баткендин Лейлек районунун тургуну. Ал мындан төрт жыл мурун (16 жаш, 9-класс) ЮНИСЕФке ыктыярчы болуп кабыл алынган. Ошол кезде мектептен тышкары убактысын текке коротчу. Бирок, ыктыярчылыкка өткөндөн соң оратордук, лидерлик сапаттарды өздөштүрүп, түрдүү ийримдерге катышуу аркылуу өзүн өнүктүрдү.

Азыркы учурда 1-курстун студенти болгонуна карабастан тренер катары иш-чараларга катышып, каражат таап баштаган. Улан башкысы өзүнүн билим алуусуна да, жаш ыяктыярчыларды окутууга да жетишип жатат.

“Азыр буюрса психология жаатында билим алып жатам. Буга чейин суицидге барам деген балдарды куткарып да жүргөм. Мындай 2-3 учур болгон. Ал балдарга туура багыт бергендин натыйжасында азыр бош убактыларын өздөрүн өнүктүрүүгө сарптап жатышат. Айта кетсем, кесипти туура тандоо дагы эң кыйын маселелердин бири. Ушундай учурларда туура кадам таштоо жаатында дагы тренингдерди уюштуруп жатабыз. Ошондой эле мугалимдер менен дагы иштешип, аларга билим берүүнүн жаңы технологиялары жана ыкмаларын жайылтуудабыз. Мектеп жашындагы окуучулар кандай темада тренинг өтүп берүүнү өздөрү да сунуштап жатышат”.

Баңгилик, кылмыштардан оолак кылган өнөр үйрөтүү салты

Оштун Ноокат районунун тургуну Нурлан Акбаев музыкант. Мектепте балдарга музыка сабагынан билим берет. Ага кошо 11 жаштагы Миражидин уулуна дагы алты жылдан бери өзүнүн өнөр-кесибин үйрөтүп келүүдө. Учурда уулу комуз чертип, ямаха ойноп, жандуу ырдайт. Учурда гитарада ойноону өздөштүрүп жатат.

Нурлан Акбаевдин айтымында, уулу мектептеги окуусун калтырбайт. Бош убактысында гана музыка боюнча сабак алып, ата кесибин өздөштүрүп жатат.

“Миражидиндин мен сыяктуу музыкага жакын экенине бала-бакчага барган кезинде байкап калдым. Үйдө бардык музыкалык аспаптар болгондуктан ошол кезден тарта аларды колдонууну үйрөтүүгө өттүм. Күн сайын бош убактыбызда репитиция кылабыз. Ошондой эле музыкалык мектепте окутуп жатам. Максатым уулум терс жолго эмес, туура багытка түшсө дейм. Ырларды жаздырып, сахна адамы болушун тилеп келем”, – деди Нурлан Акбаев. 

Жаштарга үлгү болгон “Акыркы сабак”

Кыргызстандагы “Интерньюс” уюмунун колдоосу менен өспүрүмдөр үчүн тартылган “Акыркы сабак” сериалы коомчулукка тартууланды. Тасмада мектеп рэкетчилиги, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу, өспүрүмдөрдүн кыялдары баяндалган. “Акыркы сабак” кыска аралыкта көпчүлүктүн кызыгуусун жаратты.

Тасманын режиссеру Руслан Акундун айтымында, сериалды көргөн көпчүлүк окуучулар тасмадан өзүнүн турмушун көргөнүн айтып, андагы терс көрүнүштөрдөн сабак алып жатышат.

Сериалдагы тарбиялык мааниси бар сөздөр, фразалар жаштар тарабынан социалдык тармактарда активдүү таралууда. Андагы актерлор дагы популярдуулукка ээ болушту.

5-февралда Бишкектеги соода борборлордун биринде актерлор менен фан-жолугушуу өттү. Ага миңге чукул өспүрүм келген. Демек, бул сериал коомдо ордун тапты. Жаштарды тасмадагы каармандардай болуп туура жолго түшүүгө, максаттуу, баңгиликсиз, рэкетчиликсиз жашоого үндөдү.

Башкы сүрөт интернеттен алынды

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.