Жарыя! Туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамына сынак жарыялады

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Сынакка катышуу үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү керек:

1. «Бурана» комплекси
2. «Өзгөн» комплекси
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
4. «Сары Челек» коругу
5. Манастын күмбөзү
6. Сан Таш
7. Сказка каньону
8. «Арсланбап» улуттук коругу
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү

Маданият, маалымат жана туризм министри  Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү Министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.