Жарык жок. Ош шаарынын көпчүлүк аймактарында суу токтоду

Ош шаарынын бир топ аймактарында Электр энергиясы ѳчүрүлгѳндүгүнѳ байланыштуу таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык суу канал ишканасынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, насостук станциялар аркылуу таза суу менен камсыз болгон Курманжан Датка, Туран, Ак-Тилек, Анар, Тѳлѳйкѳн, Черемушки жана Кулатов, СМУТТ, Амир-Темур кичи райондоруна жана Достук, Калинин массивдерине таза суу берүү убактылуу токтотулду.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105, 0225 105-105, 0999 105-105

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.