
Экс-депутат Садыр Жапаров өзүнө кол салышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу анын жакындары жана тарапташтары айтып чыгышты. Алар кырдаалды көзөмөлдөө боюнча Жогорку Кеңешке кат жолдоп, депутаттык комиссия түзүүнү талап кылып жатышат.
Эгер коюлган талап аткарылбаса, тынчтык митинги уланаарын Жапаповдун тарапташтары кошумчалашты. Демилгени коомдук ишмерлер колдоп, укук коргоочуларды экс-депутаттын ишин тыкыр иликтөөгө чакырышты.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Салыр Жапаров дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, абалы турукташканын маалымдашты.
Сүрөт: Sputnik
- 04.04.2017