Жапаровдун тарапташтары аны өзүнчө камерада кармоону талап кылышты

ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун №1 абакта кармалышы туура эмес. Тергөө амалына жараша, экс-депутат  УКМКнын убактылуу кармалуучу жайында өзүнчө камерада болушу керек. Бул тууралуу анын жакындары жана тарапташтары кечээ ак үйдүн алдына тынчтык митингинде билдиришти.

Алар Жапаровду Бишкектеги №1 тергөө абагынан УКМКнын абагына которуп, депутаттык комиссия түзүлүшү керектигин айтууда.

5-апрелде парламенттин жалпы отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Алманбет Шыкмаматов абактагы Жапаровдун абалына көңүл бурууну Жогорку Кеңештин төрагасынан өтүнгөн.

Жапаров менен жолугушууга депутат Мирлан Жээнчороев менен бирге “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Жаныбек Бакчиев жана “Республика – Ата Журт” фракциясынан Талант Мамытов барышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкекте жайгашкан 47-колониянын санитардык бөлүгүндө жаткан Садыр Жапаровдун абалы жакшы деп баалашууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.