
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти.
Кыргызстандын делегациясынын курамында:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргызстандын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат.
- 28.12.2021