Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрүп, ооруканаларды кыдырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигинде кеңешме өткөрдү. Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясы дартынын күчөп кетүү ыктымалдыгына даярдык маселеси талкууланды.

Минкабдын башчысы медициналык мекемелердин коронавирус инфекциясынын күчөшү ыктымалдыгына толук даярдыгын камсыздоону тапшырды.

Кеңешменин алкагында ведомствонун ишинин актуалдуу маселелери, анын ичинде кадрдык маселелер, медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу, медициналык мекемелердеги кызматкерлердин штаттык расписаниесин оптималдаштыруу, саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды. 

Акылбек Жапаров Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Медициналык тез жардамдын Шаардык балдар клиникалык ооруканасына барды.

Ал медициналык мекемелердеги бейтаптарды дарылоо жана дарылануу шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, аталган ооруканалардагы актуалдуу маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.