Жапаров: Мунапыс жарыялангандан кийин коррупционерлер өздөрү келип, уурдагандарын кайтарып атышат

Убагында мамлекеттик кызматтарда иштеп, коррупция жолу менен байыган айрым чиновниктер өз каалоолору менен келип, жегендерин төгүп атышат. Бул тууралуу Президенттин м.а жана Өкмөт башчы Садыр Жапаров Ала-Тоо 24 каналына берген маэгинде билдирди.

Жапаров маалымдагандай, мамлекеттен акча алгандар өлкөдөгү жарыяланган бир айлык мунапыстан кийин өз эрктери менен келишүүдө.

“Күч органдарынын чакыруусун күтпөй эле келип, “мен ушул жерден мынча акча уурдаган элем, ошону төгөйүн. Мындан кийин мени чакыра көрбөгүлө” деп аткандар бар. Мунун бардыгын айдын жыйынтыгы, жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жарыялайбыз”,-деди Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы өз сөзүндө анын жасап жаткан иштеринин баары эл үчүн, мамлекет үчүн экендигин айтып өттү.

“Жасалып жаткан ишке сынчы көп болот экен. Ар бир ишти сындап тургандар бар. Биздин туура иш алып барып атканыбызды убакыт далилдейт. Мен мындан 10-15 жыл мурун ушундай жол менен кетели дегенимде “жок, туура эмес жол” деп мени сындап, мага каршы чыгып, абакка салгандар бүгүн өкүнүп атышат. “Кап, ошол жол туура болгон экен да” деп атышат”,-деди Президенттин м.а Садыр Жапаров.

Ошондой эле Жапаров анын иштөө стили башкача экендигин, коррупционерлердин баарын кармап, камап коюп атак-даңкка ээ болоюн деген максаты жок экендигин кошумчалап, буга элдин туура түшүнүүсүн суранды.

“Аларды камап коюп, элдин эсебинен түрмөдө багып олтура бергенден эмне пайда? Андан көрө элден алганын элге кайтарып беришсин”,-деп Садыр Жапаров  сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда өлкөгө экономикалык мунапыс жарыялаганы боюнча расмий билдирүү тараткан.

Жапаровдун билдирүүсүндө эң кирешелүү тармактар – энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен ж.б. тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөргө, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы аткаминерлерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алгандарга, салык төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн аткаминерлердин тобуна, министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилери айтылат. Жапаров бул мезгил аралыгында коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, өөнөлгөн акчаны мамлекеттик казынага кайтарууну талап кылган.

“Мамлекеттен алган, казынадан жеп жаткан, жаап-жашырган ар бир тыйынды өз ыктыярыңар менен ордуна койгула. Мүлкүңөрдү, чыныгы капиталыңарды ачыкка чыгаргыла. Азырынча мен силерге убакыт жана мүмкүнчүлүк берип жатам. Кыска мөөнөттүн ичинде экономикалык мунапыс берүү жана акча каражаттарын, кыймылдуу-кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу үчүн укуктук-ченемдик негиздер даярдалат”,- деген Садыр Жапаров бул иш-чара бир гана жолу болорун эскерткен. Ал ушул учурду колдонуп калууга чакырган.

Садыр Жапаров укук коргоо, тергөө органдары менен кызматташып, ички инвестиция жасап, акчаларды экономикага кайрып бергендерге административдик жана экономикалык кечирим берилерин билдирди. Декларация боло турган мүлк менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик бере турганына, ыктыярдуу түрдө декларациялоо жараяны сыр сакталарына убада берди.

Өз билдирүүүндө ал экономикалык мунапысты пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чара көрүлөрүн белгилеген

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.