Жапаров: Экспортту жогорулатуу – Баткен облусун өнүктүрүүгө шарт түзөт

Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Акылбек Жапаров Баткен облусундагы экспорттун деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңы ишканалардын ачылышы менен миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөрүн кошумчалады.

«Буга катар экспорттук потенциал жогорулайт. Ал эми экспорттун көбөйүшү –  региондун өнүгүшүнө түздөн-түз  жол ачат», – деди Акылбек Жапаров. 

Ал кошумчалагандай, Өзбекстандан пахтадан жасалган кездемелерди алып, Баткендин тигүү бизнесин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Жапаров ошондой эле аймактын тургундары өлкөдөн тышкары чыкпастан, региондо калып иштөөсү үчүн жергиликтүү ишканаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Өткөн жылы биз экономикалык инвестициялык форум өткөрдүк. 2022-жылы дүйнө жүзүнөн инвесторлорду чакырып, дагы бир форум өткөрөбүз. Быйылкы жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткен облусунун инфраструктурасын (сугат каналдарын, социалдык объектилерди жана жолдорду) өнүктүрүүгө 1,5 миллиард сом инвестициялап жатабыз. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимдердин алкагында облусту өнүктүрүү үчүн бул сумманы 5 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Каналдар курулуп, ичүүчү, сугат суу менен камсыздалып, социалдык маселелер чечилиши керек», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жаа натыйжалуу багытталышынын зарылдыгын, коомдук жана парламенттик көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.