Жапалактыктар Ош мэриясына нааразылык билдирип чыгышты

Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары бүгүн Ош мэриясынын алдына нааразычылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу айыл тургуну Монускан Тойчуева “Ынтымакка” билдирди. Алар аймакка №12 автобусту кайрадан каттатып берүүнү талап кылып жатышат.

“Биз тарапка автобус каттамынын токтотулушуна баарыбыз нааразыбыз. Коомдук унаа буга чейин Жапалакка чейин барса, азыр Кулатов кичи районунан кайтат. Мындан жүргүнчүлүөр кайра-кайра маршрут которууга туура келет”, – дейт Жапалак айылынын тургуну Монускан Тойчуева.

Жапалактыктар бир жума мурун да жергиликтүү бийликке ушул талап менен кайрылышкан. Анда шаардык мэриянын өкүлдөрү меселенин чечилээрин айтышкан. Бирок убада аткарылбай жатат дешет, – жапалактыктар.

Белгилей кетсек, Жапалак айыл аймактык башкармалыгында 17 миңден ашуун эл жашайт.

Тургундарды нааразы кылган маселени жергиликтүү бийлик кантип чечет? Бул боюнча кабарчыларыбыз эки тараптын жообун угуп жатат. Кененирээк маалыматты “Ынтымактын” “Кабарлар” маалымат прогормаасынан саат 19:00 дө көрө аласыздар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.