Жаныңыздагыларга жагымсыз болгон 10 адат

Айтылат эмеспи, жашоодо идеалдуу адамдар жок деп. Менин жаман адатым жок деп айткан күндө деле, ал нерсе өзүбүзгө байкалбашы мүмкүн. Башкаларды кыжырланта турган адаттарыбыз бар экенин мойнубузга алышыбыз керек. Анда сиздерге айланаңыздагыларды кыжырланткан 10 жоосунсуз адатты тизмектеп беребиз. 

Коомдук жайларда тамактануу

Мейли, кичине сендвич же болбосо бир сындырым нан, бирок 10 адам иштеген офисте эмес. Маршуруткада кычыратып семичке чакканды айтпай эле койолу…

Телефон менен сүйлөшүү

Айрым учурда ашыкча болуп кетет. Туура, кээде шашылыш жооп бериш керек, бирок курбуңузга жарым саат эмне кылганыңызды айтып эмес. Өзгөчө дүкөндө кассага кезекете турганда же коомдук транспортто бара жатканда, тегерегиңиздеги 20дай адам сизди тыңшап, жинденип турганын элестетип көрдүңүзбү?

СМС

Суроо менен илеп белгисин, быйтыкчаларды көп колдонгондо, андагы түшүнүксүз ката жазылган билдирүүлөр, туура эмес коюлган белгилер кыжырлантат. Мындай кылбаңыз анда аларды тажатып койосуз. Бул жаман адат экенин эске алыңыз. Же калппы????!!! Мындай болбойбу же??? Андай кылбаңыз!!! )))

Кечигүү

Өзүңүздү сизди күткөн адмага караганда жумуштарым көп деп сезесизби? Сизди жарым сааттан бери күтүп жатса, бирок сиз дагы деле жөнөй элексиз. Башканын да убактысын сыйлаңыз. Башка бирөөнүү күткөндө кандай гана ачууланарыңызды көз алдыңызга элестетип көрүңүз. Кечикпей жүрү – жакшы сапат, бул жоопкерчиликтүүлүктүн белгиси.

Селфи

Ооба, селфи же өзүн өзү тартуу чынында бул дагы адатка айланды, болгондо да жаныңыздагыларды чындап кыжырлантып койот экен. Жөн гана сизге айтпайт, айрымдары ачыгын эле айтат “тажаттың” деп . 1-2 жумада селфи кылып койгонуңуз жетиштүү, бирок күндө эмес.

Диета

Эгер сиз диетада болсоңуз – ал жөнүндө ооз ачпаңыз, бул нерсе туура эмес. Чынында сиздин диетаңыз менен эч  кимдин деле иши болбойт. Эң башкысы, башкаларга тыңсынып, диетаңызды таңуулабаңыз.

Сөөктөрдү кырсылдатуу

Көөбү, манжаларын, моюнун же башка муундарын кырсылдатып атканын өздөрү байкабай калышат мындайда абайлаңыз. Бул үн башкаларга жакпашы белгилүү эле.

Душтагы чачтар

Жалгыз жашаган күндө, буга көңүл бурбашыңыз мүмкүн. Эгер көпчүлүк менен жашасаңыз, анда дайым артынан жыйнай жүрүгөнүңүз жакшы – сиз менен жашаган адамга, чачыңызга чалынып сууга жуунганыңыз жагаары күмөн.

Менин жашым  өтүп кетти

Өзгөчө, 22 жашта болсоңуз да, өзүңүздөн 10 жаш улуу адамга жашым өтүп баратат деп айтканыңыз ал адамды ойго гана салбастан капалантып да, ачуулантып да жиберишиңиз ыктымал. Андыктан мындайда абайлап сүйлөңүз.

Угуп жатам сүйлөй бер

“Угуп жатам, айта бер” – деген учурлар сизде да көп эле болсо керек, ишенип коюңуз, накта ошондо жан кашаят. Эстеп көрүңүз баарлашып жаткан учурда телефонуңузду чукулай бересиз, бул дагы жакшы адат эмес. Бул нерсе көзгө илбегендик менен барабар. Балким сиздин да айланаңызда мына ушундай адаттары менен кыжырланткандар бар чыгаар.

Бөлүшкөндү унутпаңыз. Рахмат!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.