
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жер көчкү 16 турак жайды басып калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Тургундар 27-апрелде чатырларга жайгаштырылган . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Жер көчкү бүгүн, 2-майда түштү. Үйлөрдөн сырткары төрт социалдык обьектиге дагы коркунуч жаралууда.
1-май күнү кошумча 40 тан ашуун чатырлар мене тазалык каражаттары жеткирилди. Кырсык болгон жерде адистер тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
- 02.05.2017