Жалпак-Ташта жер көчкү 24 үйдү басып калды

3-майда, Жалпак-Таштагы жер көчкү 24 турак жайды басып калды. Кырсыктан жабыркагандар жок. Айылдагы тургундарды 30-апрель күнү чатырларга көчүрүшкөн болчу. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жер көчкү аймактын Курбу-Таш жана Маркс айылынын ортосунда катталды. Үйлөрдөн сырткары, 30дан ашуун электр мамычалары да жарактан чыкты.

Жер көчкү жүрүп жаткан аймакта 61 турак-жай, 4 социалдык объект бар. Жер көчкү Шор-Суусун бөгөп калгандыктан, суу топтолууда.

Адистер кырсык болгон аймакта тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.