
Жалпак-Таш аймагындагы Кысык-Алма айылында ишемби күнү жыла баштаган жер көчкү колоттун ичи менен жүрүп кечээ, 16-апрелде 5 үйдү басып калды. Дагы бир үйгө 10 метрдей жетпей токтогон. Көчкүнүн көлөмү – 900 мин метр куб. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктан жабыркагандар жок.
Көчкү Куршаб-Жалпакташ унаа жолуна де жетип, каттам убактылуу токтоп турат. Азыркы учурда жолду тазалоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес, себеби көчкү акырындык менен жылып жатат.Кысык-Алма айылынын Чырмаш участкасына баруу үчүн айланма унаа каттамы бар.
Көчкү басып калган үйлөрдүн тургундары туугандары жана коңшуларыныкына көчүрүлдү. Алар буга чейин мамлекеттен жер жана ссуда алышкан эмес.
Эске салсак, 14-апрелде саат 00:00 чамасында Жалпак-Таштагы Шамал-Терек айылынын Ындабай тилкесинде көлөмү 21 миң метр куб жер көчкү түшүп, бир турак үйдү басып калган. Үй ээси 1961-жылы төрөлгөн Сүйүндүк Касымов көчкү алдында калды. Анын сөөгүн куткаруучулар менен жергиликтүү эл 16-апрелде эрте менен таап, туугандарына өткөрүп беришти.
- 17.04.2017