
Жалал-Абад шаарынын Барпы-сейил көчөсүндөгү аллеянын реконструкциясы 3 жылдан бери жандана элек. Ал эми курулуш жүргөн 30% жери да таштандыга толуп, бузула баштаган. Курулуштун жалпы сметалык баасы 6,2 млн сомду түзгөн. Анын 4 миллион сому 2016-жылы шаар бюджетинен бөлүнмөй болгон. Жыл аяктап калган үчүн каржы ажыратуу 2017-жылга жылдырылган.
Аллеяны реконструкциялоо иши Барпы Алыкуловдун 130 жылдыгына карата 2016-жылы башталган. Азыркы тапта аллеяда бир жарым миллион сомдук иш аткарылган. Ал жумуштун жалпы көлөмүнүн 30%ын гана түзөт. Бул жылы жайында бүткөрүлөт деп тешелүү кызмат убада кылууда.
Аллея 60 сотых аянтты ээлеп, 1997-жылы түптөлгөн. Андан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргөн эмес. Быйыл аны толук бүткөрүү максатында Жалал-Абад мэриясы бюджеттен 1,3 млн сом бөлгөн. Ал кошумчаланып, тендерде көрсөтүлгөн 5,2 млн сом толук ажыратылды.
Тийштүү кызматтан кошумчалашкандай, бул жайда оргумалар, отургучтар курулуп, айлана жарыктандырылат жана шибер чөп төшөлөт.
- 26.03.2018