Жалал-Абаддын мэри шайланып жатат

Жалал-Абад шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышууда. Алар – мурдагы мэр, КСДП сүрөгөн Салайдин Авазов менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын аймактагы лидери Майрамбек Адылбеков.

 

Кезексиз сессияга 31 депутаттын баары келди. Ушул тапта талапкерлер эл өкүлдөрүнө платформаларын тааныштырып жатат.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутаттардын келишпестигинен мэр шайланбай келет. Бүгүнкү күнгө чейин шаардын 2017-жылдагы бюджети бекитиле элек.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары  өткөн жылдын декабрь айында шайланган. Алар бир пикирге келе албай, быйыл май айында кеңеш өзүн өзү таратып, кайрадан шайлоо өттү. Кайра шайланган мурдагы эле депутаттар мунасага келе албай, жарым жылдан бери өз милдеттерин толук аткара алган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.