Жалал-Абаддын кире бериш дарбазасы жаңыланат

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек-кылымдар мурасы» триумфалдык аркасы реконструкцияланат. Анын курулушун ишке ашыруу үчүн облустук фонддон 24 миллион сом суралган.

Бүткөрүлүшү жыл аягына мерчемделгени менен каржы булагы аныкталып ажыратыла элек.

Арканын учурдагы абалы боюнча Сузак райондук администрациясынын жана облус жетекчилигинин кабары бар. Ушул жылы толук оңдоодон өткөрүп, кошумча аллея куруу пландалган.

Триумфалдык арканын реконструкцияланышы менен Курманбек аллеясынын курулушун өкмөт көзөмөлүнө алат. Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында жумушту тездетүүнү тапшырмалаган.

Ийгилик жараткан  спортчулардан тартып, алыс-жакындан келген конокторду  аркадан  тосуп алуу салтка айланган.

Бүгүнкү күнү шаардын кире бериш дарбазасынын азыркы абалы көнүл жылытаарлык эмес. Анткени арка көптөн бери каралбай калган. Акыркы жолу 2015-жылы Сузак районунун Ырыс айыл аймагы 600 миң сом ажыратып, оңдоодон өткөн. Андан бери эч кандай түзөтүү иштери аткарылган эмес.

Эске салсак,“Курманбек кылымдар мурасы” триумфалдык аркасы 2001-жылы курулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.