
13-апрель күнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын борбордук базарынан өрт чыккан. Тилсиз жоо болжол менен 1 344 чарчы метр аянтты түзгөнүн аймактагы кабарчыбыз Кабылбек Көчкөнбаев кабарлады.
Саат 03:17де өрт чектөөгө алынып, таңкы 06:27де толугу менен өчүрүлгөн. Базар жетекчилиги өрт эскирген электр чубалгыларынан чыкканын болжолдоп жатат.
ӨКМ учурда өрттүн себеби жана келтирилген чыгымдары такталып жатканын маалымдады.
- 13.04.2018