
“Тез жет” авиакомпаниясы Жалал-Абад шаарынан Ысык-Көлдүн Тамчы аэропортуна түз каттамын ишке ашыра баштайт.
Компаниянын өкүлдөрүнүн берген маалыматына таянганда, каттамдын күнүмдүк же апталык болушу жүргүнчүлөрдүн санына жараша аныкталып, такталып анан таблица түзүлөт.
Аталган маршрут боюнча алгачкы рейс 18-июнга белгиленди.
Буга чейин, 8 жыл мурун каттам Жалал-Абаддан Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата, Каракол шаарларына аткарылган. Кийин жайында мезгилдик авиакаттам уюштурулуп, акыркы каттам 2013-жылы ишке ашырылган.
- 27.05.2021