
Интернет сайттарында жарыяланган бала бакчадагы чуулгандуу окуя боюнча, 22-ноябрь күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйын өткөрүштү. Ага шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, бала бакчалардын жетекчилери катышты.
Жыйында Жалал-Абад шаарындагы бакчалардын баарына видео көзөмөл киргизүү сунушу көтөрүлдү. Болжолдуу ар бир бакчага 30 миң сомдон керек болот. Эгерде шаардык кеңештин депутаттары колдосо, 2019-жылдын бюджетинен акча каралат.
Мындан сырткары атайын комиссия түзүлүп, шаардагы бардык бала бакчаларды текшерүүгө алуу жагы каралды.
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик 22 балдар бакчасы бар. Аларда 4 миңден ашуун жеткинчектер тарбияланат.
- 23.11.2018