Жалал-Абадда жеке ишкер өз каражатына бакча курду

Жалал –Абад облусунун Коммунизм айылында жеке ишкер  Момунжан Алиев өз каражатынан  бала бакча куруп мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу “Ынтымактын” Жалал-Абаддагы кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык,  жеке ишкер бала бакча куруу үчүн 6 миллион сом каражат сарптаган. Ага жергиликтүү бийлик да салым кошуп, 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүп берген. Жалпысынан  бакча 55 орунга ыңгайлаштырылып, учурда 52 бала тарбияланып жатат.

Ишкердин айтымында  бала бакча куруусуна апасы себеп  болгон. Анткени апасы  10 баланы тарбиялап, көзү өткөнчө бала бакчада эмгектенген.

Кошумчалай кетсек, учурда  Жалал-Абад облусунда 294 бала бакча бар. Анын 19у жеке ишкерлер тарабынан курулган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.