Жалал-Абадда жазгы талаа иштери бир айга кечикти

Азыр облуста жазгы талаа иштери 62%га аяктады. Тоолуу аймактарда жаанчыл аба ырайынан үрөөн себүү баштала элек. Сел алган эгин талааларында үрөөн себүү иштери дагы 15 күндөй артка жылат.

Облус боюнча 165 миң гектар дыйканчылык жер болсо, анын 15 миң гектарына эгин эгилет. Быйыл Жалал-Абадда былтыркыга салыштырмалуу пахтаны 360 гектарга көп эккени жатышат. Ошондой эле иштетилбей турган эгин талааларынын аянтын кыскартуу каралат.

Белгилей кетсек, облуста 165 миң дыйканчылык жер болсо, анын 65 миң гектары кайраакы талаалар. Былтыр 13 миң гектардан ашуун аянт пайдаланылбай калып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.